25.08.2018 12:10

Ош шаарындагы ДЭУ тилкесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Ош шаарындагы ДЭУ тилкесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Ош шаарындагы ДЭУ тилкесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 25-августта саат 06:25те Ош шаарындагы ДЭУ тилкесинде жайгашкан ЖЧК "Мега-Пресс" ишканасынын аймагында ачык аянтта пластик түтүкчөлөр күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо саат 07:32де чектөөгө алынып, 10:16да толук өчүрүлгөн.  Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.